top of page

Студенттик Медиа Фестивалы

МедиаКополок-2014

МедиаБабочка-2014:

Окуу жылынын аякташынан улам студенттердин көпчүлүгүнүн жайкы эс алууга үйлөрүнө кетишине жана фестивалга катышуу үчүн аз гана кайрылуу түшкөнүнө байланыштуу фестивалды күз мезгилине жылдырууга туура келди.

 

Категориялар эч өзгөрүүсүз калат. Жай бою фестивалга катышуу үчүн керектүү материалдарды даярдоого мүмкүнчүлүгүңүздөр бар.

 

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

 

                                                                                       “МедиаКөпөлөк – 2014” студенттик фестивалынын уюштуруу тобу.

МедиаКөпөлөк-2014:

 Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү жана студенттердин медиа тармагында өз продукцияларынын сапатын жогорулатууга багытталган алгачкы студенттик медиа фестиваль. Фестивалдын максаты – студенттерге өз идеяларын элге сунуштап, ишке ашырууга түрткү берүү, медиа-студенттер менен медиа-уюмдардын арасында коммуникациялык көпүрө түзүү болуп саналат

Каттоо:

Каттоо онлайн режимде жүргүзүлөт.

 

Каттоо эки түрдө өткөрүлөт:
1) Даяр материалы бар студенттер

2) МедиаКөпөлөк фестивалынын алкагында долбоорлорун ишке ашыра турган студенттер.

 

Толтурулган формаларды SoKinoSKC@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүңүз. Каттын темасын жазууну унутпаңыздар

2014-жылдын категориялары:

1) Экономикалык журналистика (+мастер-класс)

Саясат Өнүктүрүү Институтунун" демөөрчүлүгү астында Надежда Добрецова тарабынан экономикалык журналистиканын мааниси, анын ММКдагы орду гана эмес жарандык аспекттеги орду тууралуу мастер-класс өткөрүлөт.

 

 

2) Атайын радио репортаж (+мастер-класс) 

"Азаттык Медиа" тарабынан колдоо көрсөтүлүп, мастер-класс өткөрүлөт.

 

 

3) Атайын ТВ репортаж (+мастер-класс)

"Азаттык Медиа" тарабынан колдоо көрсөтүлүп, мастер-класс өткөрүлөт.

 

 

4) Портреттик репортаж (+мастер-класс)

"Сентябрь" телеканалы тарабынан колдоо көрсөтүлүп, теле жаатында эмгеги сиңирген ишмер Абды Сатаров тарабынан мастер-класс өткөрүлмөкчү.

 

 

5) Сценарий жазуу: тв программа, рубрика жана көрсөтүү (+тренинг)

Бул категорияда студенттер өздөрүнүн долбоорлорун кагаз бетине түшүрүшөт жана аларды ар кайсы телеканалдардын өкүлдөрүнө презентация кылуу менен тааныштырышат. Алар студент менен долбоорду ишке ашырууга келишим түзүп же алардын долбоорун сатып алышы мүмкүн. Долбоор жазуу боюнча белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков тарабынан мастер-класс өткөрүлөт. Долбоорлор бекитилген конвертте фестивалдын негиздөөчүсү Арген Адил уулунун өз колуна юридикалык тил кат менен тапшырылуусу керек.

 

 

6) Социалдык реклама (+мастер-класс)

"Айкын Багыт" Коомдук фонду тарабынан колдоо көрсөтүлүп, Арген Адил уулу "Кыз ала качуу фактысынын азаюусу" жөнүндө мастер-класс өтөт. Мастер-класска катышкан гана студенттердин иштери кабыл алынат.

 

 

7) Даректүү жана теледаректүү кино (+мастер-класс)

Мастер-классты көптөгөн эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү, "Тазар" киностудиясынын режиссёру Асель Жураева өткөрөт.

 

 

8) Кыска метраждуу оюн киносу

2013-жылдын февраль айынан баштап 2014-жылдын май айына чейинки иштер кабыл алынат.

 

 

9) Фотокорреспонденция

Мастер-класс Фотожурналисттер Союзунун төрагасы Влад Ушаков тарабынан өткөрүлөт.

 

 

11) Арт-дизайн: креативдүү киноафиша

Бул жылы "AdStore" жарнама агенттиги жаш дизайнерлерге өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүү үчүн кызыктуу мүмкүнчүлүк түзүп берет. Тагыраак айтканда дизайнерлер заманбап тилге салып советтик фильмдерге киноафиша жасоосу керек. Фильмди Советтер Союзунун каалаган өлкөсүнөн ала алат.

 

Мисалы төмөндөгүдөй иш жасоого болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

12) Пиар-кампания: пиар жана пери

Жаш PR-адистер жана менеджерлер үчүн эң кызыктуу категория. Командаларга каттоо жүргүзүлөт. Бир тайпада 4 адам болушу зарыл (3 PR-менеджер жана бир "пери"). Тайпалар белгилүү бир соода-сатык брендинин стилинде перини калыстар-тобуна сунушташы керек Жыйынтыгында, команда жалгыз гана бренд өнүктүрүүдөн тышкары, катышуучу моделдин имиджин түзүүдөн жана пиар-колдоодон өзүнү көрсөтө алат. Баардык нерселер (костюмдар, видеороликтер ж.б.) берилген компаниянын стилинде жасалат.

 

Таймаштын программасы:

1) (Биринчи тапшырма жалпы стартка чейин сыр бойдон калат)

2) Пери катышуучунун дефилеси. Бул жерде катышуучулар өзүнү көрсөтүшү керек. Алардын костюмдары бренд менен байланыштуу болушу керек.

3) Пери катышуучунун таанытуу тасмасы. (3 мин) Команда видео роликте катышуучу кызды мыкты дэнгелде көрсөтүшү керек

4) Баракелде.Пери катышуучу өзүнүн чеберчилигин көрсөтөт. Башка өзгөчө чеберчиликтерди көрсөтүү үчүн уюштуруучулар тарабынан адатка айланган бий жана ыр атайын  алынды.

5а) (бул тапшырма таймаш куну сахнада ачыкталат)

5б) Бренд-суроолорр. Командаларга, алардын адистигине жана башка командалар тарабынын көрсөтүлгөн компанияларга байланыштуу суроолор берилет.

Катышуучулар үчүн каттоо мөөнөтү жана каттоо эрежелери:

12 майдан 18 майга чейин – катышуучуларды онлайн каттоо, идеясы бар студенттердин баары катталууга мүмкүнчүлүк бар. Иштери даяр студенттер дароо ишин сунуштай берет. Иши даяр эмес, бирок каттоодон өткөн студенттер фестивалдын жүрүшүндө сөзсүз түрдө иштерин бүтүрүп тапшыруусу керек.

 

19 майдан 31 майга чейин – мастер-класстар жана тренингдер; студенттердин квалификациясын жогорулатууга, медиа тармагындагы адистер менен таанышууга жана өз продукциясын интенсивдүү аткарууга багытталган. Масстер-класс жана тренингдерге сөзсүз түрдө жасаган иши жок, бирок аткарууга даяр болгон студенттер да катыша алат. Мурда даярдаган иши бар студенттер дароо иштерин беришет, мастер-класстарга жана тренингдерге өз каалоосу менен катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

 

1 июндан 14 июнга чейин – долбоорлорду жана иштерди ишке ашыруу мөөнөтү. Иштерин даярдай элек студенттер бул мөөнөттө иштерин аткаруусу керек. Эскерте кетсек, каттоодон өтүү жана мастер-класска катышуу студенттин фестивалдын уюштуруучуларынын алдында жоопкерчиликтүү болуусуна үндөйт. Тигил же бул категория өткөрүлгөн күнү каттоодон өткөн жана мастер-класска катышкан ар бир катышуучунун аты-жөнү, катышуучу окуган ЖОЖдун аталышы аткарган ишине карабай сахнада жарыяланат.

 

15-июнь - МЕДИА ИШТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

 

1) Фотокорреспонденция                                                                                     16 июнь

2) Арт-дизайн: креативдүү кино афишалар                                                        16 июнь

3) Атайын радио репортаж (+мастер-класс)                                                      17 июнь

4) Атайын тв репортаж (+мастер-класс)                                                             17 июнь

5) Портреттик репортаж (+мастер-класс)                                                           18 июнь

6) Сценарий жазуу: тв программа, рубрика жана көрсөтүү (+тренинг)            18 июнь

7) Социалдык реклама (+мастер-класс)                                                            19 июнь

8) Даректүү жана теледаректүү кино (+мастер-класс)                                     19 июнь

9) Кыска метраждуу оюн кино                                                                             20 июнь

10) Экономикалык журналистика (+мастер-класс)                                           23 июнь

11) Пиар-кампания: бренд-шоу же сулуулар конкурсу                                     24 июнь

 

 

25 июнь– ЖАЛПЫ СЫЙЛЫК ТАПШЫРУУ АЗЕМИ!!! 

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!!!

1) Фестивалга катышуу үчүн арызды тапшырып, мастер-класстарга катышкандан кийин Сиз өзүңүздүн ишиңизди сөзсүз түрдө көрсөтүүңүз керек. Сиз катышкан категория өткөрүлгөн күнү алып баруучу автоматтык түрдө арыз тапшыргандардын аты-жөнүн атайт. Ошондуктан арыз тапшыруудан мурда катыша турганыңызга ишенип, өзүңүзгө чечкиндүү болууңуздү суранабыз. Себеби, сиз өзүңүздүн окуу жайыңызды башкаларга таанытып, жоопкерчиликти колуңузга аласыз.

 

2) Фестивалга катышып жаткан студент арыз менен кошо өзүнүн студенттик билетинин сканерленген түрүн кошуп, же болбосо окуган жеринен маалымдама тапшыруусу абзел. Эрнест Абдыжапаровдун, Темир Бирназаровдун мастер-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн, Клооптун жана Интерньюстун журналистика мектебинин бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүргөндүгү тууралуу сертификат тапшыруусу керек

Фестивалга кимдер катыша алат?

Төмөнкү ЖОЖдордун студенттери катыша алат:

 

- Кыргыз-Түрк “Манас” университети; Коммуникация факультети, Экономика жана Башкаруу факультетинин менеджмент бөлүмү, Көркөм өнөр факультети.

- Борбордук Азиядагы Америка Университети

- Бишкек Гуманитардык Университети
- И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университети

- Кыргыз-Орус Славян университети

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети; Журналистика факультетинин үч кафедрасы, Башкаруу жана Бизнес институту.

- Менеджмент жана Дизайн университети

- Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институту

- Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм академиясы, дизайн жана өнүккөн графика факультети

- «Ата Түрк Ала-Тоо» университети, Экономика жана башкаруу факультетинин менеджмент бөлүмү

 

 

Мындан сырткары:

 

- Мастер-класстардын жана медиамектептин бүтүрүүчүлөрү (катышкандыгы тууралуу маалым кат жана сертификат алып келип берүүсү шарт.)

bottom of page